1011-берене. Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды мыйзамсыз жүгүртүү
Күчүндө · 09.10.2026 редакциясы · 14-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 марта 2025 года № 56
Күчтүү таасир этүүчү же уулуу заттарды, же болбосо аларды даярдоо же кайра иштетүү үчүн жабдууларды мыйзамсыз даярдоо, кайра иштетүү, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү көп эмес өлчөмдө сатуу максатын көздөбөстөн жасалса - жеке жактарга 150 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга, же болбосо 30 саатка коомдук иштерге тартууга алып келет. Эскертүү. Баңгизат каражаттарынын, адамдын организмине психоактивдүү таасир этүүчү психотроптук заттардын, алардын аналогдорунун жана прекурсорлорунун тизмелерине кирбеген, же болбосо күчтүү таасир этүүчү заттардын тизмелерине кирген психоактивдүү заттардын таасирин күчөтүүчү психоактивдүү заттар күчтүү таасир этүүчү заттар деп түшүнүлөт. Ушул Кодекстин беренелери боюнча жосундарды квалификациялоо үчүн маанилүү болгон заттарды күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттарга кошуу критерийлери, күчтүү таасир этүүчү жана уулуу заттардын тизмелери, ошондой эле алардын өлчөмдөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.". (КР 2025-жылдын 14-мартындагы № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 09.10.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1011-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112306/st-1011" title="1011-берене - Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>