# 9-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112305/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3098/edition/1127825/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112305/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 9-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112305/st-9

---

1. «Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри» автоматташтырылган маалыматтык системасында (мындан ары – Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри) ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин катталган, сотко чейинки өндүрүш органдарынын жана соттордун өндүрүшүндө турган, квалификациясы Укук бузуулар жөнүндө кодексте каралган жоруктар жөнүндө иштер жосун декриминалдашкандыгына байланыштуу кыскартылсын жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске ылайык материалдар караштуулугу боюнча аталган Кодекс күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө кароо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жөнөтүлсүн.

2. Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган жана ушул Мыйзам күчүнө киргенге чейин сотко чейинки өндүрүш органдарынын жана соттордун өндүрүшүндө турган, квалификациясы Кылмыш-жаза кодексинде каралган жоруктар жөнүндө иштер, жосун декриминалдашкандыгына байланыштуу, аталган Кодекс күчүнө кирген күндөн тартып бир айлык мөөнөттө өндүрүштөн кыскартылууга жатат. Берененин ушул бөлүгүндө көрсөтүлгөн жоруктар жөнүндө иштер боюнча келтирилген зыяндар жарандык сот өндүрүшүнүн тартибинде, жабырлануучу тарабынан өндүрүлөт.

3. Кылмыш-жаза кодекси, Укук бузуулар жөнүндө кодекс күчүнө кирген учурда мыйзамдуу күчүнө кире элек, соттун чечимдери чыгарылган жоруктар жөнүндө иштер жаңы жагдайлар боюнча кайра кароо үчүн Кылмыш-жаза кодексинин жана Укук бузуулар жөнүндө кодексинин жоболорун эске алуу менен жогору турган сотторго жөнөтүлүүгө тийиш.

4. Мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмдөр чыгарылган жоруктар жөнүндө иштер кайрадан каралууга жатпайт жана мыйзамдарга ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аткарылууга тийиш.

5. Жазаларды жана башка кылмыш-жаза укуктук таасир көрсөтүүнүн мажбурлоо чараларын дайындоо жөнүндө өкүмдөр чыгарылган жана аткарылган жоруктар жөнүндө иштер кайра каралууга жатпайт.

6. Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодекси боюнча соттолгон жана пробация органдарында каттоодо турган адамдар андан ары жаза өтөөдөн бошотулат.

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112305/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112305/st-10)
