# 1603-берене. Жазаны аткарууну кийинкиге калтыруунун шарттары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112305/st-1603>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3098/edition/1127825/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112305/st-1603.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1603-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112305/st-1603

---

1. Жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу мөөнөтү соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып эсептелет.

2. Жазасын аткаруу кийинкиге калтырылган соттолгондор төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) көзөмөлдөө талаптарын аткарууга;

2) пробация органдарынын мыйзамдуу талаптарын аткарууга;

3) пробация органдарынын макулдугусуз жашаган, иштеген, окуган жерин алмаштырбоого;

4) пробация органынын уруксаты жок административдик-аймактык бирдиктин чегинен тышкары чыкпоого;

5) пробация органынын уруксаты жок өлкөнүн чегинен тышкары чыкпоого;

6) пробация органдарына өзүнүн жүрүш-турушу жана көзөмөлдөө талаптарын аткаргандыгы жөнүндө отчет берүүгө;

7) катталуу жана алдын алуу маегине катышуу үчүн, ошондой эле пробация органынын чакыруусу боюнча айына эки жолу келип турууга.

---

Мурунку берене: [1602-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112305/st-1602)  
Кийинки берене: [1604-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112305/st-1604)
