# 1602-берене. Жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112305/st-1602>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3098/edition/1127825/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112305/st-1602.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 1602-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112305/st-1602

---

1. Жазанын аткарылышы кийинкиге калтырылган, он төрт жашка чейинки курактагы баласы бар соттолгондор жашаган жери боюнча пробация органдарынын көзөмөлү астында турушат.

2. Жазасынын аткарылышы кийинкиге калтырылган соттолгондор соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып он календардык күндөн кечиктирбестен пробация органдарына келүүгө милдеттүү.

3. Пробация органдары:

1) соттолгондордун эсебин жүргүзөт;

2) соттолгондорго жазаны аткарууну кийинкиге калтыруу тартибин жана шарттарын түшүндүрөт;

3) балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын катышуусу менен соттолгондор тарабынан көзөмөлдүк талаптардын аткарылышын контролдойт;

4) соттолгондор тарабынан укуктук ченемдердин сакталышы боюнча иштерди жүргүзөт.

---

Мурунку берене: [652-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112305/st-652)  
Кийинки берене: [1603-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112305/st-1603)
