# 16-берене

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112305)
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 28-октябрындагы № 126 "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 126
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112305/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-3098/edition/1127825/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112305/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексин, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексин, Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексин колдонууга киргизүү жана Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө, 16-берене (28.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112305/st-16

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзамдын 2-5-беренелери аталган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып алты айлык мөөнөттө:

1) мыйзамдарды инвентаризациялоонун алкагында ченемдик укуктук актыларды Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Жаза аткаруу кодексине, «Пробация жөнүндө», «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү жөнүндө мыйзам долбоорлорун карап чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин;

2) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Жаза аткаруу кодексине, «Пробация жөнүндө», «Сот аткаруучулардын статусу жөнүндө жана аткаруу өндүрүшү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүүнү карап чыксын;

3) 2021-жылга жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин жоболорун ишке ашыруу үчүн финансылык каражаттарды бөлүүнү карасын.

4. Укук коргоо, сот органдары, прокуратура органдары, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдар жаңы кодекстер күчүнө кирген учурдан тартып ведомстволук автоматташтырылган маалыматтык тутумдарын алардын талаптарына ылайык келтиришсин.

5. Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаменти ушул Мыйзамдын 14-беренесин ишке ашырууну камсыз кылсын.

Кыргыз Республикасынын Президенти

С.Н. Жапаров

2021-жылдын 22-сентябрында

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112305/st-15)
