# 7-берене. Квалификациялык талаптар

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2025 года № 141 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029631)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.07.2025 [Закон КР от 10 июля 2025 года № 141 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029631); 30.07.2024 [Закон КР от 30 июля 2024 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления", "О государственной гражданской службе и муниципальной службе")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011460); 07.02.2024 [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 39 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе""](https://aqlex.ai/kg/doc/230001399)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303#diff=31335..34989>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-7>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-7.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 7-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-7

---

1. Административдик кызматчыларга карата төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат:

1) стажыга жана адистик боюнча иш тажрыйбага жана тийиштүү кесиптик көндүмдөргө карата;

2) административдик кызмат орундарынын категориясын жана тобун эске алуу менен билимдин деңгээлине жана тармагына карата;

3) мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишти жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсүнө карата;

4) мыйзамдарда каралган учурларда кызматчынын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон көлөмдө санариптик сабаттуулугунун болушуна карата.

2. Административдик кызмат ордун ээлөө үчүн стажыга жана иш тажрыйбасына карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кенже кызмат орундары - иш стажына талаптар коюлбайт;

2) улук кызмат орундары - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) башкы кызмат орундары - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

4) жогорку кызмат орундары - мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 5 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 7 жылдан кем эмес иш стажы.

3. Административдик кызмат орундарын ээлөө үчүн билим деңгээлине карата төмөнкү квалификациялык талаптар белгиленет:

1) кенже кызмат орундары - атайын билим каралган кызмат орундарын кошпогондо, мамлекеттик жарандык кызматчылар үчүн жогорку билим, атайын билим каралган кызмат орундарын кошпогондо, муниципалдык кызматчылар үчүн жогорку же болбосо орто кесиптик билим;

2) улук, башкы жана жогорку кызмат орундары - атайын билим каралган кызмат орундарын кошпогондо, жогорку билим.

4. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети (мындан ары - Министрлер Кабинети) тарабынан бекитилүүчү типтүү квалификациялык талаптардын негизинде ар бир административдик кызмат орду боюнча квалификациялык талаптарды бекитет.

Караңыз: Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын административдик кызмат орундарынын топторуна Типтүү квалификациялык талаптар (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 4-апрелиндеги № 189 токтомуна)

5. Мамлекеттик кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү үчүн стажын эсептөөнүн тартиби Президент тарабынан аныкталат.

(КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 39, 2024-жылдын 30-июлундагы № 156, 2025-жылдын 10-июлундагы № 141 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-6)  
Кийинки берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-8)
