# 41-берене. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2024 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления", "О государственной гражданской службе и муниципальной службе")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011460)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303#diff=15164..15979>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 41-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-41

---

1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты жүзөгө ашыруу максатында Президент тарабынан мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) түзүлөт. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органды Президент тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу жетекчи башкарат.

2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын компетенциясына кирген маселелер боюнча Жогорку Кеңештин, Министрлер Кабинетинин жана башка мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жыйналыштарына катышууга укуктуу.

(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-4)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-42)
