# 4-берене. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-4>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-4.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 4-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-4

---

1. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жүктөлгөн милдеттердин жалпы комплексине байланыштырылган кызмат орундарынын тутумуна негизделет.

2. Тутумдун иштеши кызматчыларды карьералык пландоонун негизинде жогорулатуу менен камсыз кылынат.

3. Мамлекеттик жарандык кызматты жана муниципалдык кызматты уюштуруу маселелердин төмөнкүдөй чөйрөсүн камтыйт:

1) мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын реестрин түзүү жолу менен кызмат орундарынын иерархиясын белгилөө;

2) кызмат орундарына карата квалификациялык талаптарды жана кызматка кирүүнүн эрежелерин белгилөө;

3) кадрларды даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу;

4) кызматка кирүүнүн тартибин жана кызмат боюнча жогорулоонун жол-жоболорун бекитүү;

5) кызматчыларга дем берүү жана жоопкерчилик тутумун киргизүү;

6) кызмат ордунан бошотуунун тартибин аныктоо.

4. Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат өзүнө төмөнкү этаптарды камтыган бүтүндөй циклди билдирет:

1) кызматка кирүү;

2) кызмат өтөө;

3) кызматты токтотуу.

---

Мурунку берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-3)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-41)
