# 39-берене. Ушул Мыйзамды колдонууга киргизүү жөнүндө

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 9-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 39-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-39

---

1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Ушул Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып төмөнкүлөр белгиленсин:

1) мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында болгон кызмат стажы мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчы катары сакталат;

2) ушул Мыйзамдын күчүнө кириши менен байланышкан кайра уюштуруу же уюштуруучулук-штаттык иш-чаралар жүргүзүлгөн учурда, кызматчы конкурстук тандоодон өтпөстөн ээлеген кызмат ордун кайрадан ээлейт.

3. Президентке жана Министрлер Кабинетине төмөнкүлөр сунушталсын:

1) 2022-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджеттин долбоорун иштеп чыгууда ушул Мыйзамды ишке ашыруу үчүн зарыл болгон чыгымдарды кароо;

2) 6 айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жана ушул Мыйзамдан келип чыгуучу башка маселелерди чечүү.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

1) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы № 75 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2016-ж., № 5, 414-ст.);

2) «Коррупция жана экономика чөйрөсүндөгү кылмыштар менен натыйжалуу күрөшүүнү камсыз кылуу максатында укук коргоо органдарынын тутумун реформалоого байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 28-июлундагы № 162 Мыйзамынын 6-беренеси (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., № 7-8, 764-ст.);

3) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 12-апрелиндеги № 48 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 4, 190-ст.);

4) «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 30-июлундагы № 109 Мыйзамы (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2019-ж., № 7-8, 497-ст.).

| Кыргыз Республикасынын Президенти |  | С.Жапаров |
| --- | --- | --- |
|  |  |  |
| 2021-жылдын 6-октябрында |  | Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган |

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-38)
