# 38-берене. Тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кызматты токтотуу

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 38-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-38

---

1. Тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча мамлекеттик органдагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органындагы кызмат төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:

1) мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда;

2) кызматчы аскердик кызматка чакырылганда же аны алмаштырган альтернативдүү жарандык кызматка жөнөтүлгөндө;

3) соттун чечими боюнча кызматчынын мурда ээлеген ошол кызмат орду калыбына келтирилгенде;

4) соттун мыйзамдуу күчүнө кирген айыптоо өкүмүнө ылайык кызматчыга иштеген ишин улантууну жокко чыгарган жаза дайындалганда;

5) ден соолугунун абалы жөнүндө медициналык корутундунун болушу;

6) кызматчы каза болгондо, ошондой эле сот тарабынан кызматчы каза болду же дайынсыз жоголду деп таанылганда.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда каралган негиздер боюнча кызмат ордунан бошотулган кызматчыга бош орун болгондо мурдагыга теңдеш башка же төмөн турган кызмат орду сунушталат. Бош орун болбогон учурда же болбосо кызматчы кызмат орундан баш тартканда, анын макулдугу менен кадрлар резервине киргизилет.

3. Аскер кызматына чакырылгандыгына же аны алмаштыруучу альтернативдүү жарандык кызматка жөнөтүлгөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулуп жаткан кызматчы тиешелүүлүгүнө жараша ошол мамлекеттик органдын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервине киргизилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-39)
