# 36-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын өз каалоосу боюнча кызматын токтотуусу

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-36>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-36.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 36-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-36

---

1. Кызматты токтотуу кызматчынын өз каалоосу боюнча, анын жазуу жүзүндө берген арызынын негизинде жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

2. Кызматчы жазуу жүзүндөгү арызында кызматты токтотуу датасын көрсөтөт, ал арыз берген күндөн тартып 2 жумадан кеч эмес келет.

3. Жазуу жүзүндөгү арызда кызматты токтотуу датасы көрсөтүлбөгөн учурда, кызматчы арыз берген күндөн тартып 2 жума өткөндөн кийин кызматтан бошотулат.

4. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан бошотуу тууралуу чечим чыгарылбаган учурда, кызматчы анын арызында көрсөтүлгөн мөөнөт өткөнгө чейин 3 күндөн кечиктирбестен өз арызын чакыртып алууга укуктуу.

5. Арызда көрсөтүлгөн мөөнөт өткөндөн кийин кызматчы ишин токтотууга укуктуу, ал эми мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кызматтын акыркы күнү иштен бошогон адамга эмгек китепчесин берүүгө жана ага тиешелүү сумманы төлөп берүүгө милдеттүү.

Эгерде мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы кызматтын акыркы күнү иштен бошогон адамга эмгек китепчесин бербесе жана ага тиешелүү сумманы төлөп бербесе, анда мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн эсептелинүүчү эмгек акынын бир пайыз өлчөмүндө компенсациялык сумма төлөнөт.

---

Мурунку берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-35)  
Кийинки берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-37)
