# 34-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестри

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 34-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-34

---

1. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестри ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-7-пункттарында каралган негиздер боюнча ээлеген кызмат орундарынан бошотулган кызматчылар жөнүндө жеке маалыматтарды камтыйт.

2. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүүнүн, жүргүзүүнүн, өзгөртүүнүн жана толуктоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

3. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестри бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоодо пайдаланылышы мүмкүн.

4. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестринин маалыматтары кызматка кирүүдө баш тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-35)
