34-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестри
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 7-глава
1. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестри ушул Мыйзамдын 37-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-7-пункттарында каралган негиздер боюнча ээлеген кызмат орундарынан бошотулган кызматчылар жөнүндө жеке маалыматтарды камтыйт.
2. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестрин түзүүнүн, жүргүзүүнүн, өзгөртүүнүн жана толуктоонун тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
3. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестри бош административдик кызмат орундарын ээлөөгө конкурстук тандоодо пайдаланылышы мүмкүн.
4. Мамлекеттик жарандык кызматтан жана муниципалдык кызматтан терс негиздер боюнча бошотулган адамдардын реестринин маалыматтары кызматка кирүүдө баш тартуу үчүн негиз болушу мүмкүн эмес.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
34-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 252 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү айрым маселелер жөнүндө" токтомуПостановление · 16.05.2022 · № 252
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 24-октябры № 643 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 252 "Мамлекеттик жарандык…Постановление · 24.10.2024 · № 643
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112303/st-34" title="34-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>