32-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасы
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 7-глава
1. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын этикасы - бул кызматчынын жүрүм-турум эрежелерин белгилөөчү жана жөнгө салуучу ченемдердин тутуму.
2. Этиканы сактоо ар бир кызматчынын милдети болуп саналат.
3. Кызматчы этиканын төмөнкү принциптерин сактоого тийиш:
1) өзүн ар дайым мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин ак ниеттүүлүгүнө, калыстыгына жана натыйжалуулугуна жарандардын ишенимин калыптандыргандай, сактагыдай жана бекемдегидей алып жүрүү;
2) пайда көздөгөн кызыкчылыктарга жана мыйзамсыз баюуга жетишүү үчүн кызматтык абалын пайдаланууга жол бербөө;
3) сылык, сыпайы, чыдамдуу, принциптүү болуу, маселенин маңызын терең түшүнүүгө умтулуу, аңгемелешкен адамды угуу жана анын позициясын түшүнө билүү;
4) башка кызматчылар тарабынан этиканын ченемдерин бузуу фактылары аныкталган учурда Этика кодексинде каралган чараларды көрүү;
5) өзүнө баш ийген адамды укукка жат чечимдерди кабыл алууга же мыйзамсыз аракеттерди жасоого мажбурлабоо;
6) өз ишинде кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөө;
7) кызматтык милдеттерин ак ниет аткаруу;
8) элдердин үрп-адаттарына жана каада-салттарына сый-урмат менен мамиле кылуу;
9) өзүнүн кызматтык ишине кимдир бирөө, анын ичинде ээлеген кызмат ордуна жана абалына карабастан башка кызмат адамдары тарабынан мыйзамсыз таасирге же таасир этүүгө жол бербөө;
10) мамлекеттин жана коомдун алдында моралдык жана адеп-ахлактык жоопкерчилик тартуу.
4. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси өзүнө баш ийген кызматчылар тарабынан этиканын принциптеринин бузулушун болтурбоо жана ага бөгөт коюу боюнча бардык чараларды көрүүгө милдеттүү.
5. Этика кодекси Президент тарабынан бекитилет.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
32-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ № 171 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика кодексин бекитүү жөнүндө"…Указ · 31.05.2022 · № 171
- Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри кызматынан бошотулдуЗакон · 15.12.2025
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112303/st-32" title="32-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>