Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
30-берене. Мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын жоюуда же кайра уюштурууда мамлекеттик жарандык кызматчы жана муниципалдык кызматчы үчүн кепилдиктер
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 6-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 29 июля 2024 года № 152
1. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлганда же кайра уюштурулганда, анын штаты кыскарганда кызматчыга анын кесибин жана квалификациясын эске алуу менен кызмат орундарынын тиешелүү категориясынын чегинде башка иш сунуш кылынууга тийиш. Бош орун жок болгон жана иштен бошотулуп жаткан кызматкердин макулдугу болгон учурда, ага кийин кайра уюштурулганга, милдеттердин жана функциялардын өзгөрүшүнө байланыштуу уюштуруу түзүмү өзгөргөнгө жана эмгек акы төлөө шарттарынын жакшырышына чейин мурдагы кызмат орду боюнча орточо эмгек акысын сактоо менен төмөнүрөөк категориядагы башка кызмат орду берилет.
2. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы жоюлгандыгына, кайра уюштурулгандыгына же штатынын кыскартылгандыгына байланыштуу бошотууда сунуш кылынган иштен баш тарткан учурда кызматчыга төмөнкүлөр төлөнөт:
1) ээлеген кызмат орду боюнча орточо үч айлык эмгек акысынын өлчөмүндө иштен кетүү жөлөкпулу;
2) эгерде кызматчы бошотулгандан кийин 10 жумуш күндүн ичинде иш менен камсыз кылуу кызматында жумуш издеген адам катары катталган шартта, 3 ай бою мурда ээлеген кызмат орду боюнча орточо эмгек акы.
3. Кызматчынын орточо эмгек акысы кызматчы мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматта иштеген акыркы 12 айдын ичиндеги төлөмдөрдүн негизинде эсептелинет.
4. Ушул беренеде каралган негиздер боюнча кызматтан бошотулган кызматчылар кадрлар резервине киргизилет.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112303/st-30" title="30-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>