# 3-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын принциптери

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-3>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-3.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 3-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-3

---

Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат мамлекеттик башкаруу тутумунун бирдиктүүлүгүнө жана бүтүндүгүнө негизденет жана төмөнкү принциптерде аракеттенет:

1) Конституциянын үстөмдүгү;

2) туруктуулук жана укук улантуучулук;

3) кесипкөйлүк, компетенттүүлүк жана демилгелүүлүк;

4) кызматка кирүүдө жынысына, расасына, тилине, майыптуулугунун болушуна, этностук таандыктыгына, туткан динине, курагына, саясий же башка ынанымдарына, тегине, мүлктүк же башка абалына карабастан Кыргыз Республикасынын жарандарына бирдей жеткиликтүүлүк;

5) кесиптик сиңирген эмгектеринин негизинде кызмат боюнча көтөрүлүү;

6) кызматтык милдеттерди аткарууда тартиптүү жана жеке жоопкерчиликтүү болуу;

7) кызматчылардын укуктук, экономикалык жана социалдык жактан корголуусу, аларга жана алардын үй-бүлөлөрүнө татыктуу жашоо деңгээлин кепилдөө;

8) кызматчылардын ишине саясий, диний таасир этүүнү жана мыйзамсыз кийлигишүүнү болтурбоо.

---

Мурунку берене: [2-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-2)  
Кийинки берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-4)
