# 28-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын өргүүсү

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 25 января 2023 года № 14 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112463)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303#diff=1289502..1289503>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 28-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-28

---

1. Кызматчыга мыйзамдарда белгиленген тартипте жыл сайын ден соолугун чыңдоо үчүн жөлөкпул төлөө менен 30 календардык күнгө созулган акы төлөнүүчү өргүү берилет.

1-1. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматта жыйындысы боюнча 5, 10, 15 жана 20 жылдан ашык иш стажы болгондо ар жылдык акы төлөнүүчү өргүү тиешелүүлүгүнө жараша 2, 4, 6 жана 8 календардык күнгө узартылат.

2. Кызматчынын каалоосу боюнча өргүү бөлүп берилиши мүмкүн. Мында биринчи бөлүктүн узактыгы 14 календардык күндөн аз болушу мүмкүн эмес.

3. Өргүү бүткүл мезгилге же жарым-жартылай таризделгенине карабастан, акы төлөнүүчү өргүүнүн бүткүл суммасы өргүү таризделгенде төлөнөт.

4. Кызматчынын жазуу жүзүндөгү макулдугусуз ал өргүүдөн мөөнөтүнөн мурда чакыртылышы мүмкүн эмес.

Өргүүнүн пайдаланылбаган күндөрү үчүн эс алуудан баш тартылган учурда өргүүнүн пайдаланылбаган күндөрүнө пропорциялуу өлчөмдө компенсациялык сумма төлөнөт.

5. Айрым учурларда кызматчыга анын жазуу жүзүндөгү арызы боюнча эмгек мыйзамдарына ылайык мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан эмгек акысын сактабастан өргүү берилиши мүмкүн, анын узактыгы кызматчы менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин ортосундагы макулдашуу боюнча аныкталат.

(КР 2023-жылдын 25-январындагы № 14 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-29)
