# 27-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыны жана муниципалдык кызматчыны кызмат ордунан убактылуу четтетүү

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-27>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-27.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 27-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-27

---

1. Прокурор, тергөөчү же сот тарабынан кызмат ордунан четтетүү жөнүндө токтом чыгарылган учурларда, иш боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин кызматчы ээлеген кызмат ордунан мыйзамдарга ылайык убактылуу четтетилет.

2. Кызматчы кызматтык териштирүү жүргүзүү мезгилинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан ээлеген кызмат ордунан (кызматчынын өзүнүн талабы боюнча териштирүү дайындалган учурлардан тышкары) четтетилиши мүмкүн.

3. Кызматчы кызмат ордунан ушул берененин 2-бөлүгүнө ылайык убактылуу четтетилген учурларда кызматчынын эмгек акысы сакталат.

4. Кызматчыны кылмыш-жаза жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуу менен келтирилген зыяндын ордун толтуруу мыйзамдарга ылайык жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-26)  
Кийинки берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-28)
