# 25-берене. Тартиптик жазалар боюнча чечимдерге даттануу

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 25-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-25

---

1. Тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө чечимге кызматчы сотто даттанууга укуктуу.

2. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө чечиминин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү ал кабыл алынган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде кызматчыга берилет.

Тартиптик жазаны колдонуу жөнүндө чечимдин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү берилбеген учурда бул чечим чыгарылбаган, ал эми тартиптик жаза колдонулбаган болуп эсептелет.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-26)
