# 24-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыга жана муниципалдык кызматчыга салынуучу тартиптик жазалар

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2025 года № 141 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029631)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303#diff=31335..34989>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 24-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-24

---

1. Тартиптик жоопкерчилик деп күнөөлүү, укукка каршы жүрүм-туруму, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбаганы же талаптагыдай эмес аткарганы (тартиптик жорук жасаганы) үчүн кызматчыга карата тартиптик таасир этүү (жаза) чараларын колдонуу түшүнүлөт.

2. Тартиптик жазалардын түрлөрү:

1) эскертүү;

2) сөгүш;

3) катуу сөгүш;

4) кызмат ордунан төмөндөтүү;

5) ээлеген кызмат ордунан бошотуу.

3. Тартиптик жазалар жорук түздөн-түз аныкталгандан кийин, бирок ал жасалган күндөн тартып 6 айдан кечиктирилбестен колдонулат. Кызматчы өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарбаган ар бир учур үчүн же талаптагыдай эмес аткарганы үчүн бир гана тартиптик жаза салынышы мүмкүн.

4. Кызматчыга салынган тартиптик жаза күчүндө турган мезгилде аны кызмат орду боюнча жогорулатуу мүмкүн эмес.

5. Тартиптик жаза кызматчыга жасалган жоруктун оордугун жана мүнөзүн, ошондой эле жорук жасалган жагдайларды эске алуу менен мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан салынат. Жасалган жоруктун оордугу жана мүнөзү, ошондой эле башка жагдайлар мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында түзүлүүчү кызматтык териштирүү жүргүзүү боюнча комиссия тарабынан аныкталат, анын ишинин натыйжасы мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисине жазанын конкреттүү түрүн колдонуу жөнүндө сунушту киргизүү болуп саналат.

6. Кызматтык териштирүү жүргүзүү тартиби Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

7. Тартиптик жазаны салууда жорук жасалганга чейинки кызматтык иштин бардык жагдайлары эске алынууга тийиш.

8. Тартиптик жаза колдонулганга чейин кызматчыдан жазуу жүзүндөгү түшүндүрмө талап кылынууга тийиш. Мындай түшүндүрмө берүүдөн баш тартылган учурда электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу бир нече адам тарабынан түзүлгөн кызматтык кат (акт) таризделет. Түшүндүрмө берүүдөн баш тартуу жазаны колдонуу үчүн тоскоолдук боло албайт.

9. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын тартиптик жаза колдонуу жөнүндө чечими ал чыккан күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде кызматчыга кол койдуруу менен жарыяланат же таанышуу үчүн ага электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу жиберилет. Кызматчы аталган чечим менен таанышуудан баш тарткан учурда, электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу бир нече адам тарабынан түзүлгөн тиешелүү кызматтык кат (акт) таризделет.

10. Тартиптик жаза салынган күндөн тартып бир жыл бою күчүндө турат. Эгерде ушул мөөнөттүн ичинде кызматчы жаңы тартиптик жазага кабылбаса, анда анын тартиптик жазасы жок деп эсептелет.

11. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ушул берененин 10-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин, бирок жаза салынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес тартиптик жазаны алып салууга укуктуу.

12. Кызматтык териштирүү төмөнкү учурларда токтотулат же өткөрүлбөйт:

1) фактылар чындыкка дал келген учурда - кызматчы жорук жасагандыгы боюнча өзүнүн күнөөсүн чын дилинен моюнга алганда;

2) эгерде жасалган жорукта кылмыш-жаза курамынын белгилери аныкталса, мында материалдар тиешелүү мамлекеттик органга өткөрүп берилет.

(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 141 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-25)
