# 22-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык эмес жүйөлөштүрүү

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 22-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-22

---

1. Кызматчыларга кошумча дем берүү максатында мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы материалдык эмес жүйөлөштүрүү тутумун колдонот.

2. Материалдык эмес жүйөлөштүрүү тутумун сыйлоонун төмөнкү түрлөрү түзөт:

1) алкыш жарыялоо;

2) ведомстволук сыйлыктар менен сыйлоо;

3) мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын башка сыйлыктары менен сыйлоо;

4) эстелик белеги, төш белги менен сыйлоо;

5) мурда берилген тартиптик жазаны алып салуу.

3. Кызматчыга карата сыйлоо чаралары мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан колдонулат.

---

Мурунку берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-21)  
Кийинки берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-23)
