# 21-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды материалдык жүйөлөштүрүү

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2024 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления", "О государственной гражданской службе и муниципальной службе")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011460)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 30.07.2024 [Закон КР от 30 июля 2024 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления", "О государственной гражданской службе и муниципальной службе")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011460); 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 25.01.2023 [Закон Кыргызской Республики от 25 января 2023 года № 14 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/112463)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303#diff=15164..15979>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-21>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-21.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 21-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-21

---

1. Эмгек акы төлөө тутуму кызмат орундарынын иерархиясында негизделет жана кызматчылардын материалдык жүйөсү болуп саналат.

2. Эмгек акы өзүнө кызматтык маянаны, иштеген жылдары, класстык чен жана ченемге салынбаган жумуш күнү үчүн үстөктөрдү жана транспорттук чыгымдар үчүн компенсациялык суммаларды, ошондой эле тамактанууга чыгымдарды камтыйт.

3. Эмгек акыны эсептөө тартиби, кызматтык маянанын, үстөктөрдүн жана компенсациялык суммалардын өлчөмдөрү Президент тарабынан аныкталат.

4. (КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5. Кызматчыга Министрлер Кабинети аныктаган тартипте жана көлөмдө социалдык пакет берилет.

6. Иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдү төлөө үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын стажы Президент тарабынан аныкталган тартипте эсептелет. Иш стажын эсептөөдө жарандардын мурдагы СССРдин мамлекеттик бюджетинде турган партиялык, советтик, профсоюздук жана комсомолдук органдардын аппараттарындагы, министрликтердеги, ведомстволордогу, ишканалардагы, мекемелердеги жана уюмдардагы аткаруу-тескөө функциялары менен байланышкан иши, СССРдин жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө мөөнөттүү кызмат өтөө, туруктуу негизде депутаттык милдеттерди аткаруу, мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жолдомосу боюнча кайра даярдоодон жана квалификацияны жогорулатуудан өткөн мезгил мамлекеттик жана муниципалдык кызмат катары эсептелет.

7. Убактылуу жок болгон кызматчыны алмаштыруу боюнча эмгектик иш мамлекеттик жана муниципалдык кызматтагы стажга эсептелинет. Мында убактылуу жок болгон кызматчыны алмаштыруу үчүн квалификациялык талаптарга ылайык адам чакырылат же жок болгон кызматчынын функциялык милдеттери бир же бир нече кызматкерге милдеттүү түрдө жүктөлөт жана аларга кызматтык маянасынын 25 пайызынан кем эмес өлчөмдө үстөк төлөп берилет. Функциялык милдеттерди убактылуу жүктөө жөнүндө органдын жетекчисинин буйругу чыгарылат. Убактылуу жок болгон кызматчынын ишинин көлөмүн башка кызматчылардын ортосунда кайра бөлүштүрүүгө жол берилбейт.

8. Социалдык-тиричилик маселелерин чечүү үчүн кызматчыларга мамлекеттик бюджеттин каражаттарынан жана мыйзам менен тыюу салынбаган башка булактардан материалдык жардам, анын ичинде турак жай берүү түрүндө жардам көрсөтүлөт.

9. Евразия экономикалык комиссиясынын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин иштеген мезгили мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын стажына эсептелет. Мында Евразия экономикалык комиссиясынын кызмат адамдарынын жана кызматкерлеринин кызмат орундарынын мамлекеттик кызматтын жана муниципалдык кызматтын кызмат орундарына шайкеш келүүсүнүн тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.

(КР 2023-жылдын 25-январындагы № 14 , 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [20-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-20)  
Кийинки берене: [22-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-22)
