# 20-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларды жана муниципалдык кызматчыларды ротациялоо

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303#diff=2849..15164>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-20>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-20.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 20-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-20

---

1. Ротациялоо - мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тутумунда кызматчыларды которуу же жылдыруу.

2. Ротациялоо төмөнкү максаттарда жүргүзүлөт:

1) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;

2) кызматчылардын потенциалын сарамжал пайдалануу;

3) карьералык жүйөлөштүрүүнү жогорулатуу;

4) кызыкчылыктардын кагылышуусунун алдын алуу жана коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин азайтуу.

3. Ротациялоо мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин демилгеси же кызматчынын демилгеси боюнча жүргүзүлөт.

4. Коррупциянын келип чыгуу тобокелдиги бар учурлардын жана кырдаалдардын тизмегин Министрлер Кабинети аныктайт.

5. Ротациялоо бирдей кызмат орундарына же болбосо бир топтун чегинде жүргүзүлөт. Кызматчыны төмөн турган кызмат орундарына ротациялоодо кызматчынын эмгек акысы кийинки кайра уюштурууга, милдеттердин жана функциялардын өзгөрүшүнө байланыштуу уюштуруучулук түзүмү өзгөргөнгө жана эмгек акы төлөө шарттарынын жакшырышына чейин мурдагы кызмат орду боюнча сакталат.

6. Кызматчыны анын ден соолугунун абалы боюнча каршы көрсөтүлгөн кызмат ордуна ротациялоого тыюу салынат.

7. Коррупциянын келип чыгуу тобокелдигин төмөндөтүү максатында жүргүзүлүүчү ротациялоо 2 жылда бир жолудан көп эмес жүргүзүлөт.

8. Ротациялоонун түрлөрү:

1) мамлекеттик органдын ичиндеги ротациялоо;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ичиндеги ротациялоо;

3) мамлекеттик органдардын ортосундагы ротациялоо;

4) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо;

5) мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы ротациялоо.

9. Мамлекеттик органдардын ортосундагы, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосундагы ротациялоо тиешелүүлүгүнө жараша мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилеринин биргелешкен (ведомстволор аралык) буйругу боюнча жүзөгө ашырылат.

10. Мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ортосундагы ротациялоо мамлекеттик органдын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчилеринин биргелешкен буйругу боюнча жүзөгө ашырылат.

11. Кызматчыларды ротациялоо тартибин Президент аныктайт.

(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

5 - глава. Мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын ишин жүйөлөштүрүү, тартиптик жоопкерчилик

---

Мурунку берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-19)  
Кийинки берене: [21-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-21)
