# 18-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын өздүк иши

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-18>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-18.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 18-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-18

---

1. Кызматчынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен эмгектик жана кызматтык мамилелерине тиешелүү бардык маалыматтар, материалдар жана документтер кызматчынын өздүк ишинде камтылат. Өздүк иш мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында өздүк иш тиешелүү түзүмдүк бөлүм же болбосо персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Кызматчы башка мамлекеттик органга же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жумушка которулганда, анын өздүк иши көрсөтүлгөн жаңы жумуш орду боюнча берилет. Бир кызматчыга бир нече өздүк иш жүргүзүүгө жол берилбейт.

4. Кызматчылардын саясий жана диний көз караштары жөнүндө, алардын жеке турмушу тууралуу маалыматтарды, материалдарды жана документтерди жыйноого жана киргизүүгө тыюу салынат.

5. Өздүк иштерди жүргүзүүнүн жана сактоонун тартиби, өздүк ишке киргизилүүгө тийиш маалыматтардын, материалдардын жана документтердин тизмеги, ошондой эле аларга жеткиликтүүлүк тартиби, кызмат өтөөнү эсепке алуу маселелери Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет.

6. Кызматчынын өздүк ишинде камтылган маалыматтарды, материалдарды жана документтерди ачыкка чыгарууга тыюу салынат. Кызматчы анын өздүк ишинде камтылган маалыматтар, материалдар жана документтер менен таанышууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-17)  
Кийинки берене: [19-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-19)
