# 17-берене. Өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2026 [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932); 10.07.2025 [Закон КР от 10 июля 2025 года № 141 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029631)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303#diff=55755..56338>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-17>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-17.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 17-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-17

---

1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына кирүүнүн өзгөчө (конкурстан тышкары) тартиби белгиленет.

2. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча дайындоо өзгөчө тартипте жүзөгө ашырылуучу айрым административдик кызмат орундарынын тизмеги мамлекеттик жана муниципалдык орундардын реестринде белгиленет.

3. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте кирүү эрежелери бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленет.

4. Министрликтерде мамлекеттик жарандык кызматтын бош кызмат орундарын министрликтин борбордук аппаратынын белгиленген штаттык санынын он пайызынан ашпаган санда өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте ээлөөгө жол берилет.

(КР 2025-жылдын 10-июлундагы № 141, 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [16-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-16)  
Кийинки берене: [18-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-18)
