# 16-берене. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүүнүн тартиби

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 17.07.2026 [Закон КР от 17 июля 2026 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам гендерного равенства"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048932); 29.06.2026 [Закон КР от 29 июня 2026 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048223); 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики, регулирующие подготовку кадров новой генерации для государственной гражданской службы и муниципальной службы (в законы Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе", "Об образовании")](https://aqlex.ai/kg/doc/230026401)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303#diff=55755..56338>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 16-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-16

---

1. Мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кирүү кадрлар резервинен бош кызмат ордуна талапкерди дайындоо жолу менен жүзөгө ашырылат.

"Акылман" президенттик лицейинин, Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайларынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык диплому менен аяктаган бүтүрүүчүлөрүнүн ичинен кадрлар резервинде турган талапкерлер мамлекеттик жарандык кызматтын же муниципалдык кызматтын кенже, улук жана башкы кызмат орундарына артыкчылыктуу тартипте дайындалат, бул учурда квалификациялык талаптар ушул Мыйзамдын 7-беренесине ылайык, ушул бөлүктө көрсөтүлгөн бардык адамдар үчүн бирдей сакталып калат.

Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси майыптыгы бар, ушул Мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүчү Кыргыз Республикасынын жарандарын кадрлар резервинен бош кызмат орунга дайындоо жолу менен майыптыгы бар адамдарды ишке орноштуруу үчүн квота берүү ченемдерин аткарууга милдеттүү. Кадрлар резервинде турган майыптыгы бар адамдардын ичинен талапкерлерди тандоо тартиби ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.

2. Ушул Мыйзамда аныкталган тартипте ротация иретинде бош кызмат ордун ээлөөгө жол берилет.

3. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси бош кызмат орунга кадрлар резервинде турган адамды же болбосо мамлекеттик жарандык кызматчыны, муниципалдык кызматчыны ал мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык болгондо, ошондой эле бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган гендердик өкүлчүлүгүн эске алуу менен ротациялоо тартибинде дайындоого укуктуу.

4. Кызматка биринчи жолу кирген кызматчынын кесиптик сапаттарын текшерүү үчүн мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси ээлеген кызмат орду боюнча эмгек акы төлөө менен, аны кызмат ордуна милдеттүү тартипте 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындайт. Сыноо мөөнөтүнө убактылуу эмгекке жарамсыздык мезгили жана кызматчы жөндүү себептер боюнча жумушта болбогон башка мезгил киргизилбейт.

Сыноо мөөнөтү аяктагандан кийин мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси кызматчы менен маектешүү өткөрөт, анын негизинде кызматчынын ээлеген кызмат ордуна шайкештиги жөнүндө чечим кабыл алынат. Эгер маектешүүнүн жыйынтыгы канааттандырарлык эмес деп таанылса, анда кызматчы ээлеген кызмат ордунан бошотулат.

5. Сыноо мөөнөтүн өтүү мезгилинде кызмат ордун ээлеген кызматчыга ушул Мыйзамдын колдонулушу жайылтылат.

6. Сыноо мөөнөтүн өтүүнүн тартибин, маектешүү өткөрүүнүн жана сыноо мөөнөтүн аяктаган кызматчынын ээлеген кызмат ордуна ылайыктыгы же ылайык эместиги жөнүндө чечим кабыл алуунун жол-жобосун Президент аныктайт.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 78, 2026-жылдын 29-июнундагы № 95, 2026-жылдын 17-июлундагы № 114 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-15)  
Кийинки берене: [17-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-17)
