# 14-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын милдеттери

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 14-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-14

---

1. Кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен кызматтык милдетин жана кызматтык ыйгарым укуктарын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган чечимдерин ак ниеттүү аткарууга;

2) Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексин (мындан ары - Этика кодекси) сактоого;

3) эмгек тартибин сактоого;

4) жеке жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана кызыкчылыктарынын бузулушуна жол бербөөгө;

5) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароого, алар боюнча мыйзамдарга ылайык өз учурунда жана объективдүү чечимдерди кабыл алууга;

6) жетекчиликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнө белгилүү болгон мыйзам бузуу фактылары жөнүндө дароо маалымдоого;

7) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик квалификациянын деңгээлине ээ болууга;

8) өз ишинде электрондук башкаруунун жаңы заманбап технологияларын, методдорун жана аспаптарын колдонууга;

9) мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды мыйзамда белгиленген тартипте сактоого;

10) кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардан жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого жана мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, алардан мындай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого;

11) мүлккө жана менчикке аяр мамиле жасоону жана сарамжал күтүүнү камсыз кылууга;

12) өзүнө кызматты өтөөгө байланышкан, ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү кабыл алууга;

13) кызматка кирүүдө анын менчигинде же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде турган мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүгө.

2. Мыйзамдарга ылайык кызматчынын башка милдеттери болушу мүмкүн.

3. Жетекчинин мыйзамга каршы келген тапшырмасын алган учурда кызматчы мыйзамдын жоболорун жетекчиликке алууга милдеттүү.

---

Мурунку берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-13)  
Кийинки берене: [15-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-15)
