14-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын милдеттери
Күчүндө · 17.07.2026 редакциясы · 3-глава
1. Кызматчы төмөнкүлөргө милдеттүү:
1) Конституцияны жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алуу менен кызматтык милдетин жана кызматтык ыйгарым укуктарын, тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган чечимдерин ак ниеттүү аткарууга;
2) Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын Этика кодексин (мындан ары - Этика кодекси) сактоого;
3) эмгек тартибин сактоого;
4) жеке жана юридикалык жактардын укуктарынын, эркиндиктеринин жана кызыкчылыктарынын бузулушуна жол бербөөгө;
5) жеке жана юридикалык жактардын кайрылууларын кароого, алар боюнча мыйзамдарга ылайык өз учурунда жана объективдүү чечимдерди кабыл алууга;
6) жетекчиликке жана тиешелүү мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнө белгилүү болгон мыйзам бузуу фактылары жөнүндө дароо маалымдоого;
7) өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон кесиптик квалификациянын деңгээлине ээ болууга;
8) өз ишинде электрондук башкаруунун жаңы заманбап технологияларын, методдорун жана аспаптарын колдонууга;
9) мамлекеттик, кызматтык жана мыйзам менен корголуучу башка сырларды мыйзамда белгиленген тартипте сактоого;
10) кызматтык милдеттерин аткарууда алынган жарандардан жеке турмушуна, ар-намысына жана кадыр-баркына тиешелүү маалыматтарды жашыруун сактоого жана мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, алардан мындай маалыматтарды берүүнү талап кылбоого;
11) мүлккө жана менчикке аяр мамиле жасоону жана сарамжал күтүүнү камсыз кылууга;
12) өзүнө кызматты өтөөгө байланышкан, ушул Мыйзамда белгиленген чектөөлөрдү кабыл алууга;
13) кызматка кирүүдө анын менчигинде же анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн менчигинде турган мүлк жөнүндө маалыматтарды берүүгө.
2. Мыйзамдарга ылайык кызматчынын башка милдеттери болушу мүмкүн.
3. Жетекчинин мыйзамга каршы келген тапшырмасын алган учурда кызматчы мыйзамдын жоболорун жетекчиликке алууга милдеттүү.
Берененин тексти 17.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын…Положение · 29.12.2016 · № 706 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112303/st-14" title="14-берене - Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>