# 13-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчынын жана муниципалдык кызматчынын укуктары

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 39 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе""](https://aqlex.ai/kg/doc/230001399)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 07.02.2024 [Закон КР от 7 февраля 2024 года № 39 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе""](https://aqlex.ai/kg/doc/230001399); 18.01.2022 [Закон КР от 18 января 2022 года № 4 "О введении в действие Налогового кодекса Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112342)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303#diff=1289504..2849>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-13>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-13.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 13-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-13

---

1. Кызматчы төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жетекчилер, кесиптештер жана жарандар тарабынан анын жеке кадыр-баркын сыйлоого, өзүнө карата адилеттүү жана сый-урматтуу мамилеге;

2) белгиленген ыйгарым укуктарынын көлөмүндө тиешелүү мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары, жеке жана юридикалык жактар тарабынан Конституциянын жана башка ченемдик укуктук актылардын, ошондой эле өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарынын чектеринде кызматчылар кабыл алган чечимдердин аткарылышын талап кылууга;

3) өзүнүн кесиптик квалификациясын жогорулатуу үчүн окууга;

4) кызматтык ишинин натыйжаларын, билим деңгээлин, компетенттүүлүгүн, кесиптик квалификациясын жана тажрыйбасын эске алуу менен кызматы боюнча жогорулоого;

5) эмгегинин натыйжаларына ылайык эмгек акысын өз убагында жана толук көлөмдө төлөтүп алууга;

6) кызматтык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, документтерди жана башка материалдарды белгиленген тартипте алууга;

7) жумуш убактысынын чектүү узактыгын белгилөө, жумуш күндүн ичинде эс алуу жана тамактануу үчүн тыныгуулар менен, жума сайын дем алыш күндөрүн, жумуш эмес майрам күндөрүн, ошондой эле ар жылдык акы төлөнүүчү өргүүлөрдү берүү менен камсыз кылынуучу эс алууга;

8) мыйзамдарга ылайык жеңилдиктерди, анын ичинде Министрлер Кабинети аныктаган социалдык пакетти алууга;

9) ден соолугу үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө;

10) чечимдерди кабыл алууга же аларды даярдоого жана кароого катышууга;

11) жетекчиден так аныкталган милдеттерди коюуну талап кылууга;

12) өзүнүн укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого, ошондой эле кызмат адамдарынын укукка каршы аракеттерине мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга;

13) кызматчынын пикири боюнча негизсиз айыптоолорду же шектенүүлөрдү алып салуу максатында кызматтык териштирүүлөрдү жүргүзүүнү талап кылууга;

14) мыйзамдарда белгиленген тартипте өз каалоосу боюнча ээлеген кызмат ордунан бошоого;

15) жетекчинин оозеки тескемесинин мыйзамдуулугуна шектенүү пайда болгон учурларда ошол тескемени жазуу жүзүндө ырастоону талап кылууга;

16) кесиптик бирликтерге биригүүгө;

17) өзүнүн укуктарын, социалдык-экономикалык жана кесиптик кызыкчылыктарын коргоо, кызматка байланышкан талаш-тартыштарды чечүү максатында белгиленген тартипте сотко, кесиптик бирликке жана башка органдарга кайрылууга;

18) жетекчи менен макулдашуу боюнча мыйзамдарда тыюу салынбаган каражаттардан кошумча төлөнүүчү тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү билим берүүчүлүк, эксперттик, илимий жана башка чыгармачылык иштер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу иштин түрлөрүнүн тизмесине ылайык жекече эмгектик иш менен алектенүүгө.

(Абзац КР 2024-жылдын 7-февралындагы № 39 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

181) саламаттык сактоо, билим берүү, кайрымдуулук, ыктыярдуулук жана башка чөйрөлөрдө коомдук пайдалуу ишти жүзөгө ашыруучу коомдук бирикмелердин курамында иш жүргүзүүгө.

18 жана 181-пункттарда көрсөтүлгөн иштердин түрүн жүзөгө ашыруу аткарылуучу иштин санына жана сапатына таасирин тийгизбөөгө, ошондой эле кызматчынын иштеген жеринде кызыкчылыктардын кагылышуусуна жол бербөөгө тийиш;

19) жетекчи тарабынан куугунтуктоодон коргонууга;

20) кызматта жүргөн убагында акцияларды, башка баалуу кагаздарды (катышуу үлүштөрүн, уюмдардын уставдык (топтоочу) капиталдарындагы пайларды) ишенимдүү башкарууга берүү менен аларга ээлик кылууга.

2. Кызматчылар ошондой эле мыйзамдарда белгиленген башка укуктарга да ээ.

3. Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери кызматчынын ушул Мыйзамда каралган укуктарын ишке ашырууну камсыз кылууга милдеттүү.

(КР 2022-жылдын 18-январындагы №4, 2024-жылдын 7-февралындагы № 39 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [12-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-12)  
Кийинки берене: [14-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-14)
