# 12-берене. Мамлекеттик жарандык кызматчыларга жана муниципалдык кызматчыларга карата коюлуучу талаптар

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303#diff=15979..24685>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 12-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-12

---

1. Кызматчы төмөнкү талаптарга ылайык келүүгө тийиш:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болууга;

2) мамлекеттик жарандык кызмат үчүн - 21 жаштан жаш болбоого;

3) муниципалдык кызмат үчүн - 18 жаштан жаш болбоого;

4) ушул кызмат орду үчүн мыйзамдарда жана кызматка кабыл алууну жүзөгө ашырып жаткан тиешелүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө.

2. Төмөнкү адам кызматчы боло албайт:

1) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылган же болбосо ага соттун айыптоочу өкүмү менен кызматчы катары ишти жүзөгө ашырууга же мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын белгилүү бир кызмат орундарын ээлөөгө тыюу салынган;

2) ушул бөлүктүн 3-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;

3) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;

4) ага карата ушул бөлүктүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган;

5) башка мамлекеттин жарандыгы бар.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-11)  
Кийинки берене: [13-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-13)
