# 10-берене. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви

- Документ: [Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112303)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 27-октябрындагы № 125 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 125
- Кабыл алынган күнү: 27.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 17.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июня 2026 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048223)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.06.2026 [Закон КР от 29 июня 2026 года № 95 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048223); 14.04.2026 [Закон КР от 14 апреля 2026 года № 48 "О внесении изменения в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/230044586); 10.07.2025 [Закон КР от 10 июля 2025 года № 141 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029631); 18.04.2025 [Закон КР от 18 апреля 2025 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики, регулирующие подготовку кадров новой генерации для государственной гражданской службы и муниципальной службы (в законы Кыргызской Республики "О государственной гражданской службе и муниципальной службе", "Об образовании")](https://aqlex.ai/kg/doc/230026401)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303#diff=55752..55755>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112303/edition/1289500/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112303/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 17.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө, 10-берене (17.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-10

---

1. Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын кадрлар резерви (мындан ары - кадрлар резерви) - административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин тобу.

2. Кенже кызмат орундарына кадрлар резерви Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан аныкталуучу тартипте ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлөт. Улук жана башкы кызмат орундарына кадрлар резерви ар бир мамлекеттик орган жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан өз алдынча түзүлөт.

3. Кадрлар резерви кенже, улук жана башкы кызмат орундарына талапкерлерден турат.

Кадрлар резервине төмөнкүлөр кирет:

1) бул органда административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар;

2) органды кайра уюштурууга, штатты кыскартууга, ден соолугунун абалы боюнча узак мөөнөттүү эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу кызмат ордунан бошотулган адамдар;

3) ушул Мыйзамда жана мыйзамдарда каралган квалификациялык талаптарга жооп берген, кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары;

3-1) майыптыгы бар, ушул Мыйзамда каралган квалификациялык талаптарга жооп берүүчү Кыргыз Республикасынын жарандары жеке арызынын негизинде конкурстан тышкаркы тартипте;

4) "Акылман" президенттик лицейинин жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;

5) Президенттин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;

6) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөр жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;

7) Евразия экономикалык бирлигинин органдарында эки жылдан ашык иштеген кызмат адамдары жана кызматкерлер кызмат ордунан бошотулган күндөн тартып алты айдын ичинде берилген жеке арызынын негизинде;

8) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, тиешелүү мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар кызмат ордунан бошотулган күндөн тартып алты айдын ичинде берилген жеке арызынын негизинде.

Ушул бөлүктүн 4, 5 жана 6-пункттарында көрсөтүлгөн адамдар Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрлар резервине киргизилет.

4. Кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс өткөрүүнүн, кадрлар резервин түзүүнүн, анын ичинде конкурстан тышкары тартипте түзүүнүн жана анын иштешинин тартиби Президент тарабынан аныкталат.

(КР 2025-жылдын 18-апрелиндеги № 78, 2025-жылдын 10-июлундагы № 141 , 2026-жылдын 14-апрелиндеги № 48 , 2026-жылдын 29-июнундагы № 95 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-9)  
Кийинки берене: [11-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112303/st-11)
