# 9-берене. Акимдин кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар жана чектөөлөр

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2024 [Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"](https://aqlex.ai/kg/doc/230020397); 30.07.2024 [Закон КР от 30 июля 2024 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления", "О государственной гражданской службе и муниципальной службе")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011460)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302#diff=17196..24684>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 9-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-9

---

1. Акимдин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.

2. Төмөнкүдөй адам аким боло албайт:

1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;

2) башка мамлекеттин жарандыгы бар;

3) тиешелүү райондо туулган;

4) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;

5) соттун чечими менен ишке жөндөмсүз же иш жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен мамлекеттик кызматкер катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;

6) ушул бөлүктүн 61-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;

61) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;

62) ага карата ушул бөлүктүн 61-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган.

3. Аким өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Президенттин жана Министрлер Кабинетинин алдында жеке жоопкерчилик тартат.

4. Акимге Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана мамлекеттик кызматчылар үчүн мыйзамдарда каралган бардык чектөөлөр жайылтылат.

5. Аким тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү.

(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-июлундагы № 156, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [8-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-8)  
Кийинки берене: [10-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-10)
