9-берене. Акимдин кызмат ордуна талапкерге коюлуучу талаптар жана чектөөлөр
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 2-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209
1. Акимдин кызмат ордун жогорку билими, мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат орундарында жыйындысында 7 жылдан кем эмес, анын ичинде жетекчилик кызмат орундарында 5 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо мамлекеттик кызматта жана муниципалдык кызматта 10 жылдан кем эмес иш стажы бар, же болбосо мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта ишти жүзөгө ашыруу менен байланышпаган чөйрөлөрдө 7 жылдан кем эмес жетекчилик иш тажрыйбасы бар адамдар ээлей алат.
2. Төмөнкүдөй адам аким боло албайт:
1) Кыргыз Республикасынын жараны болбогон;
2) башка мамлекеттин жарандыгы бар;
3) тиешелүү райондо туулган;
4) ушул берененин 1-бөлүгүндө белгиленген талаптарга ылайык келбеген;
5) соттун чечими менен ишке жөндөмсүз же иш жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган же болбосо соттун чечими менен мамлекеттик кызматкер катары иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;
6) ушул бөлүктүн 61-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу бар;
61) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
62) ага карата ушул бөлүктүн 61-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган.
3. Аким өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн Президенттин жана Министрлер Кабинетинин алдында жеке жоопкерчилик тартат.
4. Акимге Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү жана мамлекеттик кызматчылар үчүн мыйзамдарда каралган бардык чектөөлөр жайылтылат.
5. Аким тизмеги Министрлер Кабинети тарабынан аныкталуучу өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү.
(Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-июлундагы № 156, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 31 декабря 2024 года № 209 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере противодействия коррупции"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 30 июля 2024 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления", "О государственной гражданской службе и муниципальной службе")"Редакцияларды салыштыруу
31.12.2024 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…иш жүргүзүүгө же мамлекеттик кызмат ордун ээлөөгө тыюу салынган;
6) алынып салынды: мыйзамда кошулду: ушул бөлүктүн 61-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, мыйзамдарда белгиленген тартипте жоюлбаган соттуулугу алынып салынды: бар.
кошулду: бар;
61) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттуулугу бар;
62) ага карата ушул бөлүктүн 61-пунктунда көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча кыскартылган.
3. Аким өзүнө жүктөлгөн ыйгарым укуктарды талаптагыдай аткарбагандыгы … үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик тилди билүүгө милдеттүү.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 30-июлундагы № алынып салынды: 156 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 156, 2024-жылдын 31-декабрындагы № 209 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 15.11.2013 · № 201
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндөЗакон · 10.08.2012 · № 164 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-9" title="9-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>