# 67-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары жана аймактык өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташтыгы

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-67>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-67.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 67-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-67

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү коомдоштукка кызмат көрсөтүүлөрдү кыйла натыйжалуу жана ыкчам камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташа алат жана аларга белгилүү бир ыйгарым укуктарды, бюджеттик каражаттарды жана башка муниципалдык мүлктү өткөрүп берүүгө укуктуу.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары менен кызматташтыгы төмөнкүдөй формада жүзөгө ашырылышы мүмкүн:

1) бир жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же мамлекеттик орган башка жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кызмат көрсөтүүсү жөнүндө келишим;

2) биргелешкен финансылык макулдашуулар;

3) биргелешкен ишканалар жана башка уюмдар;

4) мыйзамдарда тыюу салынбаган башка формаларда,

3. Жогоруда көрсөтүлгөн кызматташуунун бардык формалары, ошондой эле ыйгарым укуктарды, бюджеттик каражаттарды жана муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү тийиштүү жергиликтүү кеңеш тарабынан жактырылган шартта жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [66-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-66)  
Кийинки берене: [68-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-68)
