# 66-берене. Муниципалдык заказ

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-66>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-66.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 66-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-66

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органы ушул Мыйзамдын 27-беренесинде каралган жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө багытталган жумуштарды аткарууга же кызмат көрсөтүүгө муниципалдык заказды жайгаштырууга укуктуу.

2. Муниципалдык заказ жеке жана юридикалык жактар тарабынан аткарылышы мүмкүн. Муниципалдык заказды аткарууну өткөрүп берүү келишим боюнча жүргүзүлөт. Муниципалдык заказ жөнүндө келишим боюнча муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү жергиликтүү кеңештин макулдугу менен жүргүзүлөт.

3. Муниципалдык заказды каржылоо келишимдин негизинде жергиликтүү бюджеттин каражаттарынан же мыйзамдарда тыюу салынбаган башка булактардан жүргүзүлөт.

4. Тарифтерге жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын контролу сакталган шартта калкка монополиялык кызмат катары көрсөтүлүүчү кызматтарга (суу менен камсыз кылуу, канализация, жылуулук берүү жана башка кызмат көрсөтүүлөр) белгилүү бир ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары муниципалдык ишканаларга, ошондой эле башка жеке жана юридикалык жактарга өткөрүп берүүгө укуктуу.

5. Муниципалдык заказдын субъекти мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө же болбосо мамлекеттик социалдык заказ жөнүндө мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат.

---

Мурунку берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-65)  
Кийинки берене: [67-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-67)
