# 64-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-64>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-64.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 64-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-64

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык негизин мыйзамдарда жергиликтүү бюджеттерге бекитилген кирешелердин салыктык жана салыктык эмес булактары, муниципалдык менчикти пайдалануудан түшкөн кирешелер, ссудалар жана башка финансылык ресурстар түзөт.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун экономикалык негизин кыймылсыз жана кыймылдуу муниципалдык мүлк, баалуу кагаздар, мыйзамдарда белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруунун карамагына өткөрүп берилген жана жергиликтүү коомдоштуктун кызыкчылыктарын жана муктаждыктарын канааттандыруу үчүн алардын аймагынын чектеринде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан колдонулуп жаткан жерлер, жарандык укуктун башка объекттери, ошондой эле тиешелүү аймакта ишин жүзөгө ашырып жаткан ишканалар, уюмдар жана мекемелер түзөт.

3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун башка органдары, юридикалык жана жеке жактар менен финансылык жана экономикалык мамилелери, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетти жана бюджеттен тышкаркы фонддорду түзүү жана аткаруу тартиби жана принциптери мыйзамдар менен жөнгө салынат.

---

Мурунку берене: [63-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-63)  
Кийинки берене: [65-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-65)
