# 63-берене. Жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн жыйындары (чогулуштары)

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-63>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-63.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 63-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-63

---

1. Олуттуу мааниге ээ болгон маселелер боюнча жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн пикирлерин эске алуу, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын маалыматын угуу жана талкуулоо максатында бир көчөнүн, бир кварталдын, кичи райондун же айылдын аймагында жашаган жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусу менен жыйындар (чогулуштар), коомдук угуулар алар боюнча сунуштамаларды кабыл алуу менен өткөрүлөт.

2. Жыйындардын (чогулуштардын) сунуштамалары тиешелүү жыйындардан (чогулуштардан) өкүлдөрдүн (делегаттардын) катышуусу менен каралат.

---

Мурунку берене: [62-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-62)  
Кийинки берене: [64-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-64)
