# 60-берене. Жергиликтүү коомдоштуктардын коомдук уюмдары

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-60>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-60.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 60-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-60

---

1. Аймакты өнүктүрүү жана жамааттык жалпы жашоонун ченемдерин чыңдоо боюнча демилге көрсөтүү максатында жергиликтүү коомдоштуктардын мүчөлөрү юридикалык жакты түзүү менен, ошондой эле коомдук башталышта жашаган жери боюнча жаштар уюмдарын, аялдар кеңештерин, ардагерлер кеңештерин, аксакалдар сотторун жана башка коомдук уюмдарды түзүүгө укуктуу.

2. Жергиликтүү коомдоштуктардын уюштуруу формасы жергиликтүү коомдоштуктун уставында чагылдырылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [59-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-59)  
Кийинки берене: [61-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-61)
