# 54-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224); 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302#diff=1832..15938>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 54-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-54

---

Айыл өкмөтүнүн башчысы:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын, кеңештин чечимдерин сактоону жана аткарууну уюштурат;

2) айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооп берет;

3) аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун иштеп жаткан программаларынын жолун жолдоочулугун камсыз кылат же кызматка киришкен учурдан тартып 3 айдан кечиктирбестен жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууну камсыз кылат жана айылдык кеңешке бекитүүгө берет;

4) айылдык кеңешке жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, айылдык аймактагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджетти аткаруу жана муниципалдык менчикти пайдалануу, аймакты социалдык-экономикалык өнүктүрүү, консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү жана калкты социалдык коргоо программаларын аткаруу жөнүндө жарым жылда бир жолу кеңештин алдында отчет берет;

5) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн акимдин алдында жеке жооп берет;

6) мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча айылдык кеңешке сунуштарды киргизет;

7) мамлекеттик мекемелердин жана уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилери өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда аларды кызмат ордунан бошотуу жөнүндө маселе коюуга укуктуу;

8) мыйзамдарга ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан бошотот;

81) кесиптик кызматтык ишин туруктуу негизде жүргүзгөн жана эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен алган маданият жана спорт кызматкерлерин Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

9) айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди кошпогондо, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;

10) айылдык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуш киргизет, анын ишине катышат;

11) Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт жана токтотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 150, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-55)
