# 53-берене. Айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна дайындоо жана кызмат ордунан бошотуу тартиби

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2024 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления", "О государственной гражданской службе и муниципальной службе")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011460)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302#diff=15938..15971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 53-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-53

---

1. Айыл өкмөтүнүн башчысы аким тарабынан дайындалат.

Айыл өкмөтүнүн башчысы кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен дайындалат.

2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.

Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары кеңештин ыйгарым укуктарынын же акимди алмаштыруунун мөөнөтү менен байланышкан эмес.

3. Төмөнкүдөй учурларда айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан аким тарабынан бошотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) мыйзамдарды, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;

3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;

4) ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учурда;

5) өлдү, дайынсыз жок болду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле өлгөн учурда;

6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;

8) эмгекке таптакыр жарамсыздыгынан улам өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;

9) кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;

10) алардын иши кабыл алган чечимдерге жана саясий жетекчилик жүргүзүп жаткан саясатка шайкеш келбеген учурда;

11) ишеним жоголгондо;

12) тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча (тиешелүү мыйзамды кабыл алуу, мыйзамдарда каралган башка жагдайлар).

4. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы дайындалганга чейин анын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда башчынын милдеттерин убактылуу аткаруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.

(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-54)
