# 5-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара мамилелери

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 5-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-5

---

1. Жергиликтүү мамлекеттик администрация өз ишин мамлекеттик жана жергиликтүү маанидеги маселелерди башкарууга катышууга жарандардын конституциялык укугун ишке ашыруу үчүн шарттарды түзүү аркылуу тиешелүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен өз ара аракетте жүзөгө ашырат.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мыйзамдарга, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларына ылайык келбеген чечимдерди кабыл алган учурда, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы кетирилген укук бузууларды четтетүү тууралуу сунуштаманы мындай чечимди кабыл алган тийиштүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына киргизет, ал бир айлык мөөнөттө каралып, чечим чыгарылууга тийиш. Жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысынын сунуштамасы канааттандырылбаган учурда жергиликтүү мамлекеттик администрациянын башчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын бул чечимине сотко даттанат.

---

Мурунку берене: [4-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-4)  
Кийинки берене: [6-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-6)
