# 48-берене. Шаардын мэринин ыйгарым укуктары

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 2 июля 2026 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О статусе столицы", "О статусе города Ош", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048414)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 02.07.2026 [Закон КР от 2 июля 2026 года № 98 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О статусе столицы", "О статусе города Ош", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230048414); 30.07.2024 [Закон КР от 30 июля 2024 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления", "О государственной гражданской службе и муниципальной службе")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011460); 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О ветеринарии", "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016224); 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 28.11.2022 [Закон Кыргызской Республики от 28 ноября 2022 года № 113 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/112448)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302#diff=39414..55762>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-48>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-48.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 48-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-48

---

1. Шаардын мэри:

1) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин актыларынын, жергиликтүү кеңештин чечимдеринин сакталышын жана аткарылышын уюштурат;

2) мэриянын, муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин ишине жетекчилик кызмат, алардын ишинин натыйжалары үчүн жооп берет;

3) шаардын аймагында аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялоону жүзөгө ашырат;

4) мэриянын кызматкерлерин мыйзамдарга ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот, аларга карата сыйлоо жана тартип жазасын колдонуу чараларын көрөт;

41) кесиптик кызматтык ишин туруктуу негизде жүргүзгөн жана эмгек акысын жергиликтүү бюджеттен алган маданият жана спорт кызматкерлерин Министрлер Кабинети аныктаган тартипте кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

5) ведомстволук бөлүмдөрдүн жетекчилерин, анын ичинде аймактык бөлүмдөрдүн жетекчилерин мыйзамдарга ылайык кызмат ордуна дайындайт жана кызмат ордунан бошотот;

6) статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органды жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарын кошпогондо, тиешелүү шаардын аймагында болгон, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын шаардык аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордуна мыйзамда белгиленген тартипте дайындайт;

7) статистика, улуттук коопсуздук, ички иштер органдарын, Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу органды жана аскердик башкаруунун жергиликтүү органдарын кошпогондо, тиешелүү шаардын аймагында болгон, аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат орундарынан өз алдынча бошотот. Аткаруу бийлигинин тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери алардын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан бошотуу жөнүндө негиздүү сунуш киргизген учурда жогоруда аталган кызмат адамдарын кызмат ордунан бошотууга милдеттүү;

8) жергиликтүү маанидеги маселелерди, ошондой эле жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарына таандык кылынгандарын кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды башкарууну ишке ашырат;

9) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай уюштурулушу үчүн жеке жоопкерчилик тартат;

10) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында, коомдук жана башка уюмдарында жана чет өлкөлөрдө мэриянын атынан иш алып барат;

11) социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жана калкты социалдык коргоонун колдонуудагы программаларынын уланмалуулугун камсыз кылат же жергиликтүү мамлекеттик администрация менен макулдашуу боюнча кызматка киришкен күндөн тартып 3 айдан кечиктирбестен социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын долбоорлорун иштеп чыгат жана шаардык кеңешке бекитүүгө берет;

12) жергиликтүү бюджеттин долбоорун шаардык кеңештин бекитүүсүнө сунуштайт, жарым жылда бир жолу жергиликтүү маанидеги иштердин аткарылышы, бюджеттин аткарылышы, муниципалдык менчиктин жана бюджеттен тышкаркы фонддун каражаттарынын пайдаланылышы жөнүндө, ал эми райондук маанидеги шаарлардын мэрлери аким менен бирге шаарды социалдык-экономикалык өнүктүрүү жана калкты социалдык коргоо программаларынын аткарылышынын маселеси боюнча шаардык кеңешке отчет берет;

13) мыйзамдарга ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча шаардык кеңешке сунуштарды киргизет;

14) шаардык кеңештин сессиясын чакыруу жөнүндө сунуштарды киргизет, анын ишине катышат;

15) мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жана ардактуу наамдарды ыйгаруу жөнүндө белгиленген тартипте Президентке өтүнүч жасайт;

16) шаардын аймагында жаныбарлардын жугуштуу ылаңдары пайда болгон учурда Кыргыз Республикасынын ветеринария чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте карантинди жана чектөөчү иш-чараларды белгилейт жана токтотот, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат;

17) жыл сайын калк менен милдеттүү жолугушууларды өткөрөт.

2. Республикалык жана областтык маанидеги шаарларда шаардын мэрине шаардагы башкарууну уюштуруунун өзгөчөлүгүн эске алуу менен ошол эле учурда акимдер үчүн каралган ыйгарым укуктар берилет.

3. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 17-пунктунда көрсөтүлгөн шаардын мэринин калк менен милдеттүү жолугушуулары жылына 2 жолу, ар бир жылдын февраль-мартында жана ноябрь-декабрында өткөрүлөт.

(КР 2022-жылдын 28-ноябрындагы № 113, 2024-жылдын 29-июлундагы № 150, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 30-июлундагы N 156 , 2026-жылдын 2-июлундагы № 98 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-47)  
Кийинки берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-49)
