# 47-берене. Мэрди кызмат ордуна дайындоонун жана кызмат ордунан бошотуунун тартиби

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 июля 2024 года № 156 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления", "О государственной гражданской службе и муниципальной службе")"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011460)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302#diff=15938..15971>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 47-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-47

---

1. Райондук маанидеги шаарлардын мэрлери аким тарабынан дайындалат. Бишкек, Ош шаарларынын жана областтык маанидеги шаарлардын мэрлери Президент тарабынан дайындалат.

Шаарлардын мэрлери кадрлар резервинде турган адамдардын ичинен Президент тарабынан аныкталган тартипте дайындалат.

2. Мэрдин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү - 5 жыл.

Мэрдин ыйгарым укуктары кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү же акимдин же Президенттин алмашуусу менен байланыштуу эмес.

3. Төмөнкүдөй учурларда райондук маанидеги шаардын мэри - аким тарабынан, ал эми Бишкек жана Ош шаарларынын жана областтык маанидеги шаарлардын мэрлери Президент тарабынан ээлеген кызматтарынан бошотулушу мүмкүн:

1) жеке арызынын негизинде;

2) мыйзамдарды, Президенттин жана Министрлер Кабинетинин ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн;

3) соттун күчүнө кирген айыптоочу өкүмүнүн негизинде;

4) сот тарабынан ал аракетке жөндөмсүз деп таанылган учурда;

5) аны өлдү, дайынсыз жоголду деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген, ошондой эле өлгөн учурда;

6) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;

7) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;

8) эмгекке таптакыр жарамсыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүн болбогон учурда;

9) шаардык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин добуштары менен ишенбестик билдирилген учурда;

10) кабын алынган чечимдерге жана саясий жетекчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясатка алардын иши шайкеш келбеген учурда;

11) ишеничти жоготкондо;

12) тараптардын эринен көз каранды эмес жагдайлар боюнча.

4. Мэр кызмат ордунан бошотулган учурда анын милдеттери жаңы мэр дайындалганга чейин мэрдин биринчи орун басарына жүктөлөт. Мэрдин биринчи орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда мэрдин милдеттери мэрдин орун басарына жүктөлөт.

(КР 2024-жылдын 30-июлундагы № 156 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-48)
