# 45-берене. Шаардын мэриясынын компетенциясы

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2026 года № 134 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»](https://aqlex.ai/kg/doc/230049162)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2026 [Закон КР от 28 июля 2026 года № 134 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»](https://aqlex.ai/kg/doc/230049162); 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302#diff=55762..56640>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-45>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-45.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 45-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-45

---

Шаардын мэриясы:

1) шаардын жашоо-тиричилигин камсыз кылуу системасынын иштешин жана өнүгүшүн, шаардыктарга социалдык жана маданий тейлөө кызматтарын көрсөтүүнү уюштурат;

2) шаардын бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана аны шаардык кеңеш бекиткенден кийин аткарат;

3) социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн, калкты социалдык жактан коргоонун программаларынын долбоорлорун иштеп чыгууга жана кеңештин бекитүүсүнө сунуш кылууга катышат жана кеңеш бекиткенден кийин аларды аткарууну камсыз кылат, социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө маалыматты жарыялайт, ошондой эле аны расмий сайтка жарыялайт жана (же) жергиликтүү кеңеш тарабынан аныкталган атайын көрүнүктүү жерлерге (такталарга, стенддерге) жайгаштырат;

4) шаарды өнүктүрүү үчүн инвестицияларды жана гранттарды тартат;

5) тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;

51) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте үй-бүлөлүк салтанаттарды, маркумду эскерүүчү жана башка салттуу үрп-адаттарды өткөрүүдө ашыкча ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча чараларды ишке ашырууга көмөктөшөт;

6) жаңы жумуш орундарын түзүү боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

7) шаардын жерлерин жана муниципалдык менчиктин объекттерин сарамжалдуу пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана аларды шаардык кеңеш бекиткенден кийин жүзөгө ашырат;

8) муниципалдык ишканаларды менчиктештирүүгө жана тиешелүү органдар менен макулдашуу боюнча социалдык-маданий, тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттерди, ошондой эле алардын иштеши үчүн зарыл болгон жабдууну баланска кабыл алууга катышат;

9) шаардын турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбасын өнүктүрүү жана абаттоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат;

10) шаарды куруунун башкы планын иштеп чыгат жана жүзөгө ашырат, мыйзамдарга ылайык архитектура жана шаар куруу ченемдери менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;

11) жаратылыш кырсыктарын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык чараларды жүзөгө ашырат;

12) мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө мыйзамдарга ылайык мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн долбоорлорун издөөнү, демилгелөөнү жана ишке ашырууну жүзөгө ашырат;

13) ветеринардык-санитардык жана карантиндик-чектөөчү чараларды өз убагында өткөрүүнү камсыздоого көмөк көрсөтөт;

131) Министрлер Кабинети аныктаган тартипте автоматташтырылган маалыматтык системаларды колдонуу менен иш жүргүзөт;

132) шаардын административдик чектеринде мамлекеттик жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча иштерди, ошондой эле жайыттарды мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берүүнү жана аларды пайдалануу тартибин белгилөөнү уюштурат;

133) калктуу конуштун ичинде суу пайдалануунун, ирригациялык курулмаларды эксплуатациялоонун, күтүүнүн эрежелерин белгилейт;

14) мыйзамдарга ылайык башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.

(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2026-жылдын 28-июлу № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-44)  
Кийинки берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-46)
