# 44-берене. Шаардын мэриясынын чечимдери

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 44-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-44

---

1. Мэриянын атынан актыларды (чечимдерди) токтом жана буйрук түрүндө мэр чыгарат, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар мэр кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.

2. Токтомдор ченемдик укуктук актылардын негизинде жана аларды аткаруу үчүн чыгарылат. Буйруктар ыкчам, уюштуруучулук жана кадр маселелер боюнча чыгарылат.

3. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп таанылышы мүмкүн.

4. Мэриянын ишин уюштуруу эрежелери, мэриянын аппаратында документтер менен иштөөнү уюштуруу жана ишин документтик камсыз кылуу боюнча талаптар архивдик мыйзамдардын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде мэриянын регламентинде белгиленет.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-45)
