42-берене. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктарынын токтотулушу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 3-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 28 июля 2026 года № 134
1. Жергиликтүү кеңештердин ыйгарым укуктары ушул чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин депутаттары шайланган мөөнөт аякташына байланыштуу, ошондой эле кеңештин жаңы курамы түзүлүшүнө, кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылышына байланыштуу токтотулат.
2. Жергиликтүү кеңештер төмөнкүдөй учурларда Президент тарабынан мөөнөтүнөн мурда таратылышы мүмкүн:
1) тиешелүү жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмес добушу менен кабыл алынган чечим боюнча;
2) Министрлер Кабинетинин Төрагасынын же акимдин сунушу боюнча;
3) кайра уюштурууга алып келүүчү тиешелүү административдик-аймактык бирдиктин чектери өзгөргөн учурларда, же болбосо Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде административдик-аймактык түзүлүштүн жалпы түзүмүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу;
4) ушул Мыйзамдын 24-беренесинин 5-бөлүгүндө каралган учурда.
3. Өзүн-өзү таркатуу жөнүндө жергиликтүү кеңештин чечими жарлыкты чыгаруу үчүн Президентке кеңештин төрагасы тарабынан жиберилет.
4. Административдик-аймактык бирдиктин чектерин өзгөртпөстөн анын аталышын жана/же калктуу конуш категориясын өзгөртүү кайра уюштуруу болуп саналбайт жана жергиликтүү кеңешти таратууга алып келбейт. Президенттин кайра уюштурууга байланыштуу жергиликтүү кеңешти таратуу жөнүндө жарлыгы, эгерде мыйзамдын өзүндө башкача мөөнөт каралбаса, тиешелүү административдик-аймактык бирдик жөнүндө мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып 30 күндөн кечиктирилбестен чыгарылууга тийиш.
5. Мөөнөтүнөн мурда таратуунун жогоруда көрсөтүлгөн учурларынын кайсынысында болсо да таратуу жөнүндө Президенттин жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылды деп эсептелет.
6. Жергиликтүү кеңеш мөөнөтүнөн мурда таратылган учурларда мүлкүнүн жана документтеринин сакталышы үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын тиешелүү башчысы тартат.
(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2026-жылдын 28-июлу № 134 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
42-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 28 июля 2026 года № 134 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики «О местной государственной администрации и органах местного самоуправления»Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"Редакцияларды салыштыруу
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/112302/st-42" title="42-берене - Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>