# 40-берене. Жергиликтүү кеңештин төрагасы

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 16.01.2024 [Закон Кыргызской Республики от 16 января 2024 года № 17 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230000533)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302#diff=1832..15938>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-40>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-40.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 40-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-40

---

1. Жергиликтүү кеңештин төрагасы тиешелүү жергиликтүү кеңештин сессиясында кеңештин депутаттарынын ичинен жашыруун добуш менен жергиликтүү кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.

2. Кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди көрсөтүү укугуна депутаттык фракция же 5 депутаттан кем эмес сандагы топ ээ.

3. Тиешелүү жергиликтүү кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүүнүн жана шайлоонун тартиби жана шайлоонун башка жол-жоболук маселелери тиешелүү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

4. Жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда, жергиликтүү кеңештин депутаттарынын үчтөн биринин демилгеси боюнча депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиден кем эмесинин добуштары менен ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн.

5. Калкынын саны 20001 адамдан кем эмес жергиликтүү кеңештин төрагалары илимий, педагогикалык жана башка чыгармачылык ишти кошпогондо, акы төлөнүүчү башка иш менен алектенүүгө укуксуз.

6. Калкынын саны 20001 адамдан аз жергиликтүү кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук башталышта аткарат, бирок жергиликтүү кеңештин сессиясы иштеген мезгилде 20001 адамдан ашык калкы бар жергиликтүү кеңештин төрагасы үчүн белгиленген бир күндүк эмгек акынын өлчөмүндө бир жолку компенсация алат.

7. (КР 2024-жылдын 16-январындагы № 17 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8. Жергиликтүү кеңештин төрагасы:

1) жергиликтүү кеңештин сессияларын чакырат;

2) сессияларга төрагалык кылат;

3) жергиликтүү кеңештин чечимдерине кол коет;

4) жергиликтүү кеңеш тарабынан жүктөлгөн башка милдеттерди аткарат.

9. Жергиликтүү кеңештердин төрагалары мыйзамдарга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо, ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө өтүнүч берет.

(КР 2024-жылдын 16-январындагы № 17, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-39)  
Кийинки берене: [41-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-41)
