# 39-берене. Жергиликтүү кеңештин чечимдери

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-39>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-39.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 39-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-39

---

1. Жергиликтүү кеңештин чечимдери токтом жана буйрук түрүндө чыгарылат, ага - жергиликтүү кеңештин төрагасы, ал эми ал жок болгон учурда жергиликтүү кеңештин төрагасынын орун басары кол коет.

2. Жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары токтом түрүндө, ал эми башка актылары - буйрук түрүндө кабыл алынат. Кабыл алынган актылар тиешелүү аймакта милдеттүү юридикалык күчкө ээ.

Жергиликтүү кеңештердин ченемдик укуктук актылары "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте күчүнө кирет. Жергиликтүү кеңештин башка актылары, эгерде актынын өзүндө башкача каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Жергиликтүү кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктарынын чегинде кабыл алынган чечимдерин жергиликтүү кеңештин төрагасынын буйругу түрүндө жеке өзү кабыл алат.

Жергиликтүү кеңештин төрагасынын буйруктары, эгерде актылардын өздөрүндө башкасы каралбаса, алар кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Жергиликтүү кеңеш белгилүү бир маселе боюнча өзүнүн көз карашын билдирүү үчүн жергиликтүү кеңештин кайрылууларын жана билдирүүлөрүн кабыл алууга укуктуу.

5. Жергиликтүү кеңештердин чечимдери алар кабыл алынган тартипте жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [38-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-38)  
Кийинки берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-40)
