# 33-берене. Жергиликтүү кеңештин сессиясы

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 3-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302#diff=1832..15938>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-33>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-33.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 33-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-33

---

1. Жергиликтүү кеңештердин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук формасы болуп алардын сессиялары эсептелет. Сессияларды өткөрүүнүн тартиби жана мезгилдүүлүгү жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

2. Жергиликтүү кеңештин сессиясы депутаттардын жалпы санынын жарымынан көбү катышса укуктуу. Эгерде ушул жана башка мыйзамда башкасы каралбаса, жергиликтүү кеңеш чечимди жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алат.

21. Жаңы шайланган жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы тиешелүү аймактын шайлоо комиссиясынын көмөктөшүүсүндө мурдагы чакырылыштагы жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан тиешелүү кеңешти шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирбестен чакырылат. Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясын тиешелүү жергиликтүү кеңештин жаш курагы боюнча эң улуу депутаты ачат.

Жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясынын күн тартибине жергиликтүү кеңештин төрагасын, анын орун басарын шайлоо маселелери жана жергиликтүү кеңештин ишин уюштуруунун башка маселелери киргизилет.

22. Жаңы түзүлгөн айыл аймактарында жана шаарларда жергиликтүү кеңештин биринчи сессиясы тиешелүү аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан тиешелүү кеңешти шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланган күндөн тартып эки жумалык мөөнөттөн кечиктирилбестен чакырылат.

3. Жергиликтүү кеңештердин сессиялары ачык, кварталына кеминде бир жолу же жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн биринин талабы боюнча өткөрүлөт. Жергиликтүү кеңештин сессиясын чакыруу жана жыйналышты өткөрүү тартиби жергиликтүү кеңештин регламенти менен аныкталат.

(КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 152 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [32-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-32)  
Кийинки берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-34)
