# 29-берене. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар

- Документ: [Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/112302)
- Документтеги орду: 2-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 "Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 123
- Кабыл алынган күнү: 20.10.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 152 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в рамках административно-территориальной реформы"](https://aqlex.ai/kg/doc/230011962); 29.07.2024 [Закон КР от 29 июля 2024 года № 154 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О местной государственной администрации и органах местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/230016199); 01.12.2022 [Закон Кыргызской Республики от 1 декабря 2022 года № 114 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере обеспечения обороноспособности Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112451)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302#diff=1832..15938>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-29>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/112302/edition/1219806/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/112302/st-29.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтуу өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө, 29-берене (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-29

---

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктар берилиши мүмкүн.

2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү берилген ыйгарым укуктарды ишке ашыруу шарттарын зарыл материалдык жана финансылык каражаттар менен мамлекеттик камсыз кылуу тартибин бир убакта белгилөө менен мыйзамдын жана башка ченемдик укуктук актылардын негизинде, ошондой эле келишим менен жүзөгө ашырылат.

3. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү менен бир убакта республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке максаттуу трансферттерди караган же берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон каржылоонун башка булактарын мамлекет аныктаган учурларда гана жол берилет.

4. Берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары мамлекеттик бийликтин ыйгарым укуктуу органдарына отчет берет.

5. Мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө мыйзамдар жана башка ченемдик укуктук актылар жана келишимдер төмөнкүлөрдү кароого тийиш:

1) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына бериле турган мамлекеттик ыйгарым укуктарды;

2) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жүзөгө ашырып жаткан учурда мамлекеттик бийлик органдары тарабынан жардам көрсөтүүнүн усулдук, уюштуруучулук, консультациялык жана башка формаларын;

3) отчеттуулукка талаптарды;

4) берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырууда мамлекет тарабынан контролдун механизмин.

6. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилиши мүмкүн болгон мамлекеттик негизги ыйгарым укуктарга төмөнкүлөр кирет:

1) калктын ишке орношуусунун жана миграциясынын программаларын иштеп чыгуу жана аткаруу;

2) жарандарды эсепке алып каттоо, паспорттук режимдин эрежелеринин аткарылышына контролду жүзөгө ашыруу, белгиленген тартипте жарандарды каттоого тургузуу жана каттоодон чыгаруу, шайлоочулардын тизмелерин түзүү;

3) мыйзамдарга ылайык жарандык абалдын актыларын каттоо;

4) мектептик, мектепке чейинки жана кесиптик билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндө кызмат көрсөтүү үчүн имараттар жана башка объекттер менен камсыз кылуу;

5) мыйзамдарга ылайык нотариалдык аракеттерди жүргүзүү;

6) жарандарга алардын ким экенин, үй-бүлөлүк, мүлктүк абалдарын ырастоочу документтерди жана мыйзамдарда каралган башка документтерди берүү;

7) (КР 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

8) Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин бөлүштүрүү жана пайдалануу;

9) айыл чарба өндүрүшүн келечектүү өнүктүрүү боюнча материалдарды жалпылоо, айыл чарба продукцияларын өндүрүү боюнча экономикалык божомолдорду түзүү;

10) мал чарбачылыгында ветеринардык-санитардык, эпизоотияга каршы иш-чараларды жана селекциялык-асыл-тукум иштерин өз учурунда өткөрүүнү уюштурууга көмөк көрсөтүү;

11) айыл чарба өсүмдүктөрүнүн айдоолорун отоо басышына каршы күрөшүү, токойду коргоо тилкелерин жана токой массивдерин коргоо боюнча талаптагыдай чараларды камсыз кылуу;

12) алымдарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу, ошондой эле салык мыйзамдарына ылайык салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктар;

13) айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;

14) керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоону камсыз кылуу;

15) (КР 2024-жылдын 29-июлундагы № 154 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

16) аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө даректүү социалдык коргоону уюштуруу максатында аларды табуу;

17) этностор аралык мамилелерди чыңдоо, ошондой эле этностор аралык жаңжалдардын алдын алуу жана болтурбоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу;

18) пробациянын кезектеги милдеттерин чечүүдө жана конкреттүү иш-чараларын аткарууда пробация органдарына көмөк көрсөтүү;

19) мыйзамда белгиленген башка ыйгарым укуктар.

(КР 2022-жылдын 1-декабрындагы № 114, 2024-жылдын 29-июлундагы № 152, 2024-жылдын 29-июлундагы № 154 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [28-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-28)  
Кийинки берене: [30-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/112302/st-30)
